Биз менен байланышыңыз

Коомчулук камактагы саясатчылар боюнча президенттин позициясын күтүүдө

Саясат | 27 Ноя 2018 | 1233 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдайларга байланыштуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону Биринчи май райондук прокуратурасына тапшырды. Жапаровдун жактоочусу жаңы жагдай катары Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген негизги төрт күбөнүн видеокайрылуусун белгилеп жатат.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайра каралат. Бул тууралуу Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, Жапаровдун ишин Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдайларга байланыштуу Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырды.

Жогорку Соттун токтому чыккандан кийин биз аны карап көрүп, жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Башкы көзөмөл органы ишти Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберген. Биринчи Май райондук прокуратурасы 29-августта Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок деген чечим кабыл алган. Мен буга каршы даттанып, Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылгам, шаардык прокуратура 26-ноябрга чейин жооп бериши керек болчу. Шаардык прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүп, мыйзамдуу каралсын деп Биринчи Май райондук прокуратурасына ишти кайра жиберди. Эми 1-декабрга чейин жаңы жагдайлар менен кароо үчүн иш райондук сотко жиберилиши керек.

Ал жаңы жагдайлар катары 4 күбөнүн көрсөтмөсүн берип жатканын айтты. Алар — Кенжебек Жумабаев, Наристе Калчаева, Жолдошбек Кожобергенов, Кайрат Качыганов кысым менен сотто жалган көрсөтмө бергенин моюнга алышкан. Жактоочу Садыр Жапаров  6-декабрда 50 жашка чыгарын, ага чейин анын иши кайра каралып акталарына ишенет.

Жапаровго саясий куугунтук болгонун тарапташтары айтып келишет. Андан сырткары «Саясий куугунтукка кабылды» деп абакта отурган саясатчылардын саны 20дан ашат. Бул тууралуу «Саясий туткундарды коргоо комитети» бейөкмөт уюмунун мүчөсү Зулфия Марат билдирди.

-2016-2017-жылы камалган саясатчылар бийлик тарабынан саясий туткунга кабылды. Көпчүлүгү шайлоонун алдында камалышты. Алардын ишин кайра кароону суранып келебиз. Камалгандардын ичинде экс-депутаттар, эксперттер бар. Президент жайында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда камалгандардын маселеси айтылган.  

Ошондой эле өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси дагы бир жолу көтөрүлгөн. Анда камактагылар мунапыс берүү жөнүндө кеп болгонун парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев маалымдаган.

Ушул күнгө чейин «Саясий куугунтукка кабылды» деп абакта отурган саясатчылардын иши кайра каралуусу керектигин депутаттар, тарапташтары айтып келет. Маселен, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча адвокаты жаңы беш жагдайды аныктаган. Бул боюнча фракция Башкы Прокуратурага кат жолдой тураганын билдирген. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Текевбаевдин ишин кайра кароого жаңы 5 жагдай негиз болуп берет деди.

-Жаңы жагдайлардын баарын далилдеп бергенге адвокаттарыбыз даяр. Ошону менен бирге башка камалган саясатчылардын маселесин көтөрүп келебиз. Бектур Асанов менен бирге камалгандар да бирөөнүн өч алуусу менен куугунтукталган. Алардын эч кандай күнөөсү жок болсо да 12 жылга кесилишкен. Муну да кайрадан карап чыгуу керектигин айтып эле келебиз.

Текебаевден сырткары ар кандай айыптар менен куугунтукталып камалды дегендердин ичинде Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Абдылда Капаров жана Максат Кунакунов, Дастан Сарыгулов,  Дүйшөнкул Чотонов сыяктуу саясатчылардын ысымдар аталууда.

Эгерде алардын ишинда кайра кароого жаңы жагдайлар аныкталса, иш кайрадан карала турганын Башкы прокуратынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

Эгерде арыз келип түшсө, анда Башкы Прокуратуранын кызматкерлери ишти карап, иликтеп чыгышат.

Ал эми президент бир жылга чукул убакыттан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе боюнча өзүнүн позициясын ачыктай электигин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айтат.

-Азыркы президент жана Жогорку Кеңеш саясий куугунтукка кабылгандарга өз баасын бериши керек. Бирок ушул күнгө чейин эч кимиси унчуга элек. Ошондуктан мамлекет башчынын позициясын биле албай жатабыз. Бул бийлик оппонентерин саясий куугунтукка алуу ыкмасын колдонобу же жокпу? Ушуну өлкө башчысынын өзүнүн оозунан уккубуз келет. Же «андай ыкманы колдонбойм» деп айты бекен деп күтүп, үмүмтүбүз деле өчүп баратат.

Өткөн аптада болгон курултайда дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда саясий куугунтукка кабылган камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлдү. Анда атайын мамлекеттик комиссия түзүү менен иликтеп чыгуу сунушталды.

Тергөө иштеринде кылмыш процессуалдык жоболордун сакталышы боюнча президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке сунуш жиберилди. Комиссиянын ишине коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү керектиги айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM