Биз менен байланышыңыз

Соттор президенттин сынына кабылды

Саясат | 11 Мар 2019 | 1273 | 0

Бүгүн, 11-мартта мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында судьялардын XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана соттор катышты. Курултайга 400гө жакын судья жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү келди. Президент соттор менен жолугушуу учурунда айрым соттордун чечимдерин сынга алды.

Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында соттор менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, соттук реформаны ишке ашырыш үчүн каражат жана саясий эрк керек экендиги айтылган. Мамлекет саясий эрк берип, каражатты да көбөйтүп жатат. Сот тутумуна бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйтүлүүдө. Бирок сот тутумуна бөлүнгөн каражатка жараша кайра ошондой кайтарым болбой жатат. Соттордун арасында «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендер бар. Кээ бир судьялар чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлкүн тартып алуу боюнча чечимдерди чыгарган.

Соттук-укуктук реформанын максаты — бул сотторду гана эмес, бүтүндөй укук коргоо системасын реформалоо. Себеби сот адилеттигинин сапаты — күч органдарынын ишинен абдан көз каранды. Адам укуктарын сактоо үчүн укук коргоо органдарынын иши бүгүнкү турмушка ылайык түп тамырынан бери кайрадан түзүлүшү керек. Аталган реформалар соттордун гана иши эмес, бул жалпы мамлекеттик иш. Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да, коомчулук да бул процессти колдоодо. Өкмөт бул реформаны ишке ашырууну ыкчамдатышы зарыл. Сот системасын каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого буга чейин да тийиштүү чаралар көрүлүп келген жана мындай колдоо уланат. Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат.

Жээнбеков белгилегендей, сот тармагына 2018-жылы 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылга карата 2 млрд сомдон ашык каражат бюджеттен каралган.

Ошону менен бирге президент айрым соттордун чечимдерин сынга алды.

-Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет. Айрым судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген. Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда. Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Баңгилик — бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү. Баңги зат менен байланышкан кылмыштар — булар оор кылмыштар. Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар. Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор — булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумунун натыйжалуу иштөөсү үчүн кадрларды сапаттуу даярдоо керектигин билдирди.

-Жогорку кесипкөйлүк, укук маданиятынын терең деңгээли, соттордун ак ниеттүүлүгү жана жоопкерчилиги биринчи кезекте укуктук мамлекеттин кадыр баркы болуп эсептелет. Биринчи жолу кызматка дайындалган судьялардын билимин жогорулатуу зарыл. Ошондой эле иштеп жаткан судьялардын квалификациясын жогорулатуу керек. Жогорку Соттун алдындагы сот адилетинин жогорку мектебинин окуу программасын жаңыртуу жана ал жака жогорку юристтерди тартуу милдети турат. Насаатчылык институтун оптималдаштыруу талап кылынууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев акыркы эки жылда сот тармагынын материалдык-техникалык абалы жакшыра баштаганын айтты. Бирок айлык маянасы аз болуп жатканын белгилеп, айлыкты көбөйткөндө гана соттордон адилеттүү чечимдерди талап кыла ала турганын кошумчалады.

-Эмгек маянасы мурункуга караганда көтөрүлгөн. Бирок депутат катары жеке оюмда судьялардын азыркы айлыгы дагы аздык кылат. Бүгүн Жогорку Соттун төрайымынан көп маселелерди айтат деп күттүм эле. Тилекке каршы кыскача болуп айтылбай калды. Бүгүн соттордо көйгөй көп. Себеби, Жогорку Соттун төрагасы 3 жылга гана шайланат. Ал көп мөөнөткө төрага болуп олтурбашын билип, ишинин натыйжасын бербейт.

Кыргызстандагы эмгек сиңирген юрист Шаршенбек Абдышев сот реформасын жасоо көптөн бери көтөрүп келе жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган реформа күчүнө кирип, аткарыла турган мезгилге жетти.

-Коммунисттик доордогу мыйзам менен соттук реформаны жүргүзүү кыйын болуп калган. 1-январдан баштап мыйзам күчүнө кирип, иштеп жатат. Эми жаңы мыйзамдар менен сотторго иштегенге оңой. Талаптарды аткарганга жол ачылып калды. Кабыл алынган мыйзамдар элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп берет деп терең ишенемин.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн келген 88 талапкердин 32син дайындоого макулдук бербей, артка кайтарган. Сунуштарды Сот тандоо кеңеши жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM