Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында кол өнөрчүлөрдүн сынагы өтөт

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 336 | 0

Ош шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата кол өнөрчүлөрдүн масштабдуу көргөзмөсү, театралдык оюндар жана гала-концерт өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чаранын программасы:

— Борбордук аянтка 7 боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн, уз-чеберлердин буюмдарынын, улуттук тамактардын көргөзмөсү өтөт. Атайын түзүлгөн комиссиялык топ жеңүүчүлөрдү аныктап, диплом жана балуу белектер тапшырылат;

— Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан уюштурулган «Достук» фестивалы болот;

— Борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштуруп, «Келечек» чыгармачыл балдар үйүнүн жамааттары, шаарда жайгашкан театрлар тарабынан даярдалган белгилүү инсандар: Алымбек Датка, Курманжан Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдун өмүр жолун чагылдырган театралдык коюлум, эл артисттери, эстрада жылдыздары, чыгармачыл топтор катышкан концерттик программа тартууланат.

— Борбордук аянтка келген коноктор үчүн дене тарбия жана спорт комитети тарабынан күрөш, аркан тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча, ошондой эле Токтогул Сатылганов жана Алишер Навои атындагы сейил бактарда тогуз коргоол, ордо, шахмат боюнча мелдештер уюштурулат.

Саат 20:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында белгилүү ырчылардын, маданият кызматкерлеринин катышуусунда чоң программадагы гала-концерт өтөт.

Иш-чара майрамдык фейерверк менен аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM