Биз менен байланышыңыз

Алты айда Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүүсү 1 млрд долларды түздү

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 262 | 0

Ушул жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын Орусия менен болгон эки тараптуу товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 5,5 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусунда айтылган.

Анда Улукбек Марипов жана Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүүнүн оңдуу динамикасын жана экономикалык активдүүлүктүн ырааттуу калыбына келтирилишин канааттануу менен белгилешкен.

Эске салсак, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Атада өткөн III кыргыз-орус бизнес форумунда Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүүнүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM