Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды.
Жолугушуу эртең, 20-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулду.
Анда Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.