Биз менен байланышыңыз

Кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагын Ишенов акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 349 | 0

Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер жана кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагын Ишенов акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатында Сагын Ишенов өз ишинин кесипкөйү жана адамгерчилик сапаттарын эскерилип,  маданият тармагына кошкон салымы белгиленди.

Чыгармачылыктагы чыйыр жолу 1961-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында башталып,  “Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын катарын толуктап, бир катар даректүү тасмаларда сүрөтчү-коючу катары иштегени, анда тартылган тасмалардагы көркөм сүрөтчү жана мультипликатор катары алып барганы айтылды.

Сагын Ишеновдун тасмалары кыргыз киносунун алтын фондунда сакталып, илимий-популярдуу тасмаларынын актуалдуулугу, “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып “Сандардын чатагы” аталышындагы алгачкы кыргыз мультфильми менен чоң жаңылык жасаганы,  Францияда өткөн эл аралык кинофестивалда  “Толубай сынчы” мультипликациясы үчүн  баш байгени багындырганы сыймыктануу менен айтылды.

Сагын Ишеновдун чыгармачылык жолунда 700дөн ашуун көркөм сүрөттөрдү жараткан, “Кызыл өгүз жана жалгыз соко” сүрөтү  СССР боюнча эң мыкты деп табылып, Москвадагы Третьяков галереясына коюлган.

Эл артисти Сагын Ишенов акыркы сапарга Улуттук гвардиянын ардак кароолу менен узатылды. Маркумдун сөөгү өзүнүн туулган жери Чүй районуна караштуу  Дөң-Арык айылына коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM