Биз менен байланышыңыз

«Бекер эле айлык алалыбы?» Мыйзамдардын талкуусуз өткөнү сынга кабылды

Саясат | 27 Июн 2024 | 602 | 0

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга чейинки акыркы жыйынын өткөрдү. Анда 20дан ашык мыйзам долбоорун жана токтомдорду карап, көпчүлүгүн экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз, дароо кабыл алышты.

Ошондой эле “Улуттук инвестициялык фонд” жөнүндө мыйзам долбоорун жана саламттык сактоо тармгындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору бир учурда биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды.

Айрым депутаттар олуттуу мыйзамдарды талкуусуз кабыл алуу туура эместигин, Жогорку Кеңештин регламентине туура келбей турганын айтып, сындашты.

Алгач Улуттук банктын бир күн мурун дайындалган жетекчиси Мелис Тургунбаев Улуттук банктын 2023-жылдагы жылдык отчётун берди. Анын маалыматынан кийин депутат Элдар Сулайманов Улуттук банктын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү коммитетте кенен талкууланганын, Мелис Тургунбаевдин жаңы дайындалганын эске алып, талкуусуз добушка коюну сунуштады.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште мыйздамдар, токтомдор талкуусуз кабыл алынып жатканын сынга алды.

«Конституция боюнча Жогорку Кеңештин 2-3 эле функциясы бар. Анын ичинде Улуттук банктын төрагасынын маалыматын, отчётун угуу. Мурда Жогорку соттун да төрагасынын да отчёту угулчу эле кийин алып таштады. Ошентип парламенттин укуктары азайып баратат. Кимде суроосу жок болсо суроо берүүгө жазылбай эле койсо болот. Бирок калган депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Анда бекер эле айлык алалыбы? Келгиле, кийинкиде мындай учурда ар бир фракциядан бирден, экиден депутат сүйлөй тургандай кылып сунуш берели. Жок дегенде бирден адам сүйлөсө болмок. Беш киши суроо берем десе 25 адам оозун жаап коёбу? Улуттук банкка суроолор көп болот да».

Депутат Арсланбек Малиев алдыдагы пландарды суроо-жооп аркылуу билип, маалымат алууга мүмкүн экендигин айтты.

«Ушул жерде отургандандын баары эл үчүн иштеп жатабыз. Эл Улуттук банктын алдыдагы паландарын кантип билет? Ушул суроо-жооптор, жетекчилердин ою, түшүнүгү менен билет».

Мелис Тургунбаев 26-июнда Улуттук банктын жетекчиси болуп шайланган.

Андан ары жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн үчүнчү сессиянын акыркы жыйыны экенин эске салып, карала турган маселе көптүгүн айтып, депутаттарды убакытты үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

«Урматтуу, депутаттар, бүгүн карала турган мыйзам долбоорлору көп. Бүгүн үчүнчү сессиянын акыркы пленардык жыйынын өткөрүп жатабыз. Андыктан керектүү, маанилүү мыйзам долбоорлору бүгүнкү күн тартибине киргизилген. Сиздерден сураныч, активдүү, сарамжалдуу катышып бериңиздер. Фракциялар суроолорду алдын ала чектеп, карап берсеңиздер. Себеби, жетишүүбүз керек».

Ошондой эле бир катар мыйзам долбоорлору бир учурда биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды. Алар “Улуттук инвестициялык фонд” жөнүндө мыйзам долбоору жана саламаттык сактоо тармагындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорлор.

«Улуттук инвестициялык фонд» жөнүндө мыйзам долбоору бир катар талаш-тартыш жараткан суроолор да болду.

Депутат Динара Ашимова эл аралык аренага чыгуу үчүн мындай фонд керектигин айтты. Бирок мыйзам долбоорунда бир катар дал келбестик, бышпаган жерлери бар экендигин кошумчалады.

«Ооба, дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн ушундай фонд керек. Бирок мыйзам долбоорунда бышпаган, чийки маселелер көп. Мисалы, мыйзам долбоорунун аталышы «Улуттук инвестициялык фонд» жөнүндө болуп жатат, бирок эч кандай аныктама жазылган эмес. Мыйзам жазгандан кийин мыйзамдын аталышына сөзсүз түрдө аныктама берилүүсү керек. Ошондой эле «Акционердик коомдор жөнүндө» долбоордо бир катар беренелер бири-бирине дал келбей жатат. Муну кайрадан карап чыгуу керек».

Аталган мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин регламенти мыйзам долбоорун бир учурда үч окууда кабыл алууга жол бербестигин эскертти.

«Жогорку Кеңештин регламентинин 53-беренесинде так жазылып турат, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатканда ар бир окуудагы аралык он жумушчу күндөн кем болбоосу керек. Ошондой эле экинчи, үчүнчү окууда бир кароо үчүн фракциялардын, депутаттык топтордун тиешелүү макулдугу болгон учурда гана кабыл алынат.

Ал эми бир учурда үч окууда өзгөчө кырдаал, мыйзам долбоорун ратификациялоо учурунда, мамлекеттик тил менен расмий тилдеги редакциясын дал келтирүү учурунда гана кабыл алуу каралаган. Азыр бизде жогоруда айтылгандай учур болгон жок да. Ошондуктан чечим кабыл алып жатканда эске алып коелу, мыйзамсыз болуп калат».

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, жумушка киришкен. Жалпы 90 депутат шайланып келген. Алардын ичинен бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 депутат шайланып келген.

Быйыл ондон ашуун депутат мандатынан ажыратылган. Алардын кээ бири өз каалоосу менен тапшырса, кээ биринин мандаты ар кандай себептерден улам алынган. Парламентте сегиз комитет, алты фракция, үч депутаттык топ бар.

Copyright © 2017 Maral FM