Биз менен байланышыңыз

Президент уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 199 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-июнда кабыл алынган. Эми уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө салынган тыюу күчүн жоготту.

Президент быйыл 19-февралда Балыкчы шаарына барып, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушууда ушул эки районго чектеш аймакта орун алган «Кызыл-Омпол» кенин иштетүү боюнча талкуу өткөргөн. Тургундарга тийиштүү маалыматтар айтылып, эксперттер жана мамлекет башчысы суроолорго жооп беришкен.

Мамлекет башчы кен ачылса, миңден ашуун жумушчу орун түзүлөрүн, экинчи «Кумтөр» пайда болорун айткан.

«Бул деген сөз жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат, эл да байыйт. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр «Кумтөрдү» кандай иштетип аткан болсок, «Кызыл-Омполду» да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт», — деген ал өз сөзүндө.

Маалыматтарга караганда, «Кызыл-Омпол» тоо-кен тилкеси 1951-жылы ачылып, геологиялык чалгындоонун жүрүшүндө кенде 13 миң тонна уран, андан тышкары 29 миң 252 тонна торий, 287 миң 636 тонна цирконий, аны менен катар титан, фосфор, талаа шпаты сыяктуу заттар да бар экени аныкталган.

2019-жылы апрель айында Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу чуу чыккан. Жергиликтүү эл, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Буга байланыштуу ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен казуу иштерин токтотуп, «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кен казылбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Канат Керезбеков, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков уран жана торий казууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп, аны парламент үч окууда тең колдоп берген.

Copyright © 2017 Maral FM