Биз менен байланышыңыз

Доллар төмөндөп, рубль кымбаттады — валюталардын курсу

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 977 | 0

Бүгүн, 28-июнь саат 09:30га карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сомго карата курсунда өзгөрүү байкалды.

Доллар орто эсеп менен 86,2 сомдон сатып алынып, 86,97 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 86,45 сомду түздү. Сутка ичинде 0,02 пайызга төмөндөдү.

Евро бүгүнкү күндө 92,01 сомго сатылып алынып, 92,99 сомго сатылып жатат. Расмий курс 92,3978 сомду түздү (төмөндөө – 0,09 пайыз).

Орус рубли акыркы суткада кымбаттаганы байкалды.Бүгүн бир рубль 0,977 сомдон сатып алынып, 1,017 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 0,9982 сомду түздү (өсүү — 1,216 пайыз).

Ал эми казак теңгесинин курсу төмөндөдү. Бир тенге 0,1288 сомдон сатылып, 0,2016 сомдон сатылууда.

Расмий курс 0,1857 сом (0,43 пайызга төмөндөгөн).

Copyright © 2017 Maral FM