Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда чек ара кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 251 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери чет элдик жарандардан, ишкерлерден системалуу түрдө акча каражатын талап кылууга шектелип кармалды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган чек ара бекетинин аскер кызматкерлери материалдык компенсация төлөп, мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө активдүү көмөктөшкөн. 26-июнда акча каражаттарын кабыл алуу учурунда өткөрүү пунктунун кезмет башчысы, капитан А.О.А., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан анын айрым кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалды.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга Чек ара кызматынын башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар-жогун аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта ишин жанданткан. Мындан улам, көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын жана Өзбекстандын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, жеке пайдаланыла турган товарларды эске албаганда, кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM