Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Саат 14:00гө карата 33 миң адам добуш берди

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 169 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-июнь саат 14:00гө карата үч округдагы шайлоого катышуунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Бул саатка карата шайлоочулардын 10,67 пайызы, башкача айтканда, 33 миң 232 адам добуш берди.

Свердлов шайлоо округу боюнча 8596 (6.99%), Ноокат шайлоо округу боюнча 14 миң 11 (15.39%), Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 10 миң 625 (10.92%) адам добуш берди.

Бүгүн Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн үч шайлоо округдарында 175 тилке ачылган. Саат 08:00дон кечки саат 20:00гө чейин добуш берүү улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM