Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Саат 12ге карата катышуу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 170 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-июнь саат 12:00гө карата үч округдагы шайлоого катышуунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Шайлоочулардын 7, 61 пайызы, башкача айтканда, 23 миң 710у добуш берди.

Свердлов шайлоо округу боюнча 5 795 (4.71%), Ноокат шайлоо округу боюнча 10 миң 550 (11.59%), Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 7365 (7.57%) адам добуш берди.

Бүгүн №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн үч шайлоо округдарында 175 тилке ачылган. Саат 08:00дон кечки саат 20:00гө чейин добуш берүү улантылат.

Округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) Шайлоочу-лардын саны Киргизүү убактысы

10:00

Киргизүү убактысы

12:00

Киргизүү убактысы

14:00

Киргизүү убактысы

16:00

Киргизүү убактысы

18:00

Киргизүү убактысы

20:00

Шайлоочу-лардын жалпы саны 311 363 9 990 (3.21%) 23 710 (7,61%)        
№5 Ноокат шайлоо округу 91 057 4 880 (5,36%) 10 550 (11,59%)        
№29 Свердлов шайлоо округу 122 975 2 418 (1,97%) 5 795 (4,71%)        
№36 Ысык-Кол шайлоо округу 97 331 2 692 (2,77%) 7 365 (7,57%)

 

Copyright © 2017 Maral FM