Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» бекети ачылат

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 227 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Аксу шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын, “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун айланасындагы маселелер тууралуу мамлекеттик кызматкерлердин жана курулушчулардын катышуусунда сүйлөшүү жүргүздү.

Анда Ысык-Көл облусунун аймагында “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгуу жана уюштуруу талкууланды.

Ошондой эле, “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайына бара турган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун жана көпүрөсүнүн курулушу каралды.

Анда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, буга чейин эки өлкөнүн жумушчу топторунун биргелешкен изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө макулдашылган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун маршруту боюнча техникалык-экономикалык негиздеменин үстүндө иштеп жатканы маалым болду.

Үстүбүздөгү жылы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен өткөрүү жайынын расмий ачылышы жасалары пландалууда. Калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Президенттин 2023-жылдын майында Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу боюнча макулдашууларга жетишилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM