Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы сел: 7,47 гектар айдоо аянты жабыркап, 50гө чукул мал-жандык өлдү

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 384 | 0

Ош облусунун Ноокат районунда 28-30-июнь күндөрү сегиз чарба аралык канал сел-кыяндан жабыркаган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда табигый кырсык катталган жерде 25 кызматкер, 7 атайын техника ишке тартылып, жеринде кыйроого учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүп, сугат суу берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Селден улам айылдагы тургундардын үлүш жерлерине, бак-дарактарга, эгилген айыл чарба эгиндерине зыян келген. Бул райондо 7,47 гектар айдоо аянтын сел каптаган. Анын ичинен бир гектар буудай аянты, 3,36 гектар жүгөрү аянты, 25 сотых картошка себилген аянт, 2,86 гектар беде аянты жабыркаган. Келтирилген зыяндын суммасы 198 миң 430 сом деп эсептелди.

Мындан тышкары, министрлик маалымдагандай, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынан дагы эки баш жылкынын өлүгү табылган. Буга чейин 45 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга ташталып залалсыздандырылган.

Ноокат райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан 8 инспектор, 12 ветеринардык адис, 6 автоунаа тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM