Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 80 тонна уйдун майын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 257 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майын аныкташты.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, техникалык регламентине ылайык келбегендиги аныкталган. Натыйжада инспекторлор 80 тонна уйдун майын  «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга кайтарган.

Министрлик буга чейин да Казакстандан Кыргызстандга 20 тонна өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылганы аныкталып, артка кайтарылганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM