Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Шуша» турак жай комплексине барды

Кыска кабар | 6 Июл 2024 | 285 | 0

Президент Садыр Жапаров 5-июлда, Азербайжан иш сапарынын алкагында «Шуша» жаңы турак жай комплексине барды.

Объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат.

Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитин, ошондой эле шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында имараттар жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.

Эске салсак, Президент иш сапары менен Азербайжанга кетти. Сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммитке уюмдун катышуучу мамлекеттери – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM