5-июлда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык Аскер билети табылган. Бул тууралуу УКМК билдирген.
Андан соң, Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына аскер билетин, паспортун, дипломун 2010-жылкы Апрель окуяларынын тушунда жоготуп алганын жана кийинчерээк кайра калыбына келтирген документтери 2020-жылкы Октябрь окуясы учурундагы башаламандыкта Жогорку Кеңештеги сейфинен кайрадан жоголгонун жазган.
5-июлда УКМК тарабынан, бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрү кармалган.