Биз менен байланышыңыз

Кытай менен Кыргызстандын президенттери аба каттамдарын көбөйтүүнү сүйлөшүштү

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 186 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Казакстандын Астана шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Президенттер кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Жапаров Кытай — Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалып жатканын айтты.

Мындан тышкары, «Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин белгиледи.

Президент быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин «Барскоон — Үчтурфан — Аксу» автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Цзиньпинди Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Си Цзиньпин Кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин белгилеген. Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторун ачык экендигин белгиледи.

Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 млрд долларга жакынды түзөрү айтылды.

Кытайдын лидери эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын саны көбөйгөнүн, Ош — Кашгар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айтты. Мындан тышкары, Си Цзиньпин Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу пандемияга чейинки мезгилге жеткенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга барды. ШКУнун 4-июлдагы жыйынында уюмдагы кызматташтык маселелери, аймактык жана эл аралык саясат талкууга алынат.

Copyright © 2017 Maral FM