Биз менен байланышыңыз

Президент ШКУ саммитинде кайсы маселелерди көтөрдү?

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 232 | 0

Президент Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын 4-июлда Астанада өткөн кеңешинде терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук, соода тоскоолдуктарын кыскартуу, экологиялык коопсуздук тууралуу маселе көтөрдү.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, отурум Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

Садыр Жапаров Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү жөнүндө сунуштаган демилгеси маанилүү экенин айтты.

Соода-экономикалык байланыштар маселелеринде ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды.

Президент экологиялык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине да көңүл буруп, Кыргыз Республикасы үчүн энергетика тармагын ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүү маселелери актуалдуу жана маанилүү болуп саналарын айтты.

Өлкөлөрдү энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүүгө, энергияны үнөмдөөгө тиешелүү долбоорлорду илгерилетүүгө чакырды. Жапаров мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши суу ресурстарынын кыскарышына коркунуч туудурарын, бул азыр эле айыл чарбасынын абалына терс таасирин тийгизип жатканын жана азык-түлүк коопсуздугу маселесине алып келгенин кошумчалады.

Кыргызстан тоолуу өлкө катары 2000-жылдардын башынан бери тоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келерин айтты.

Ал «Тоо беш жылдыгынын» жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда экинчи глобалдык «Бишкек+25» Тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Быйыл ШКУ саммитине Казакстан төрагалык кылды. Келерки жылы Кытай ШКУдагы төрагалыкты улантат.

Бүгүнкү саммитке Кыргызстан, Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекеттерини башчылары жана өкмөт башчылары катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM