Биз менен байланышыңыз

УКМК судьялардын кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 402 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облустук сотунун судьяларынын кармалышы боюнча 4-июлда маалымат берди.

2-июлда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча 6 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылуу фактысы менен Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын эки судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

УКМК камакка алуу учурунда судья К.У.Ж. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөнүн билдирди.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар талап кылган.

6 миң долларын алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөнү кабарланды.

3-июлда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган судьялар, соттук отурумдун катчысы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш алып барууда.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 4-июлда Чүй облустук сотунун судьялары кармалышы боюнча чукул жыйын өткөрүп, сотторго эскертүү берген.

Copyright © 2017 Maral FM