Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде доллар, рубль, тенге арзандап, евро бираз кымбаттады

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 574 | 0

Акыркы сутка ичинде Улуттук банктын расмий курсу жана акча алмаштыруучу жайларда доллар, рубль, тенгенин курсу төмөндөгөнү байкалды. Ал эми евронун сомго карата курсу жогорулады.

Бүгүн, 4-июль таңкы саат 9га карата алынган валюта курсу. Күн ичинде өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкекте акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда доллардын сомго карата орточо сатып алуу курсу 85,82 сом, ал эми сатуу 86,66 сом болууда.

Расмий курс боюнча бир доллар 86,0606 сом болду. Сутка ичинде 0,08 пайызга төмөндөдү.

Ал эми еврону 92,09 сатып алып, 93,09 сомдон сатышууда. Расмий курс 92,948 сом деп белгиленди. Сутка ичинде 0,27 пайызга жогорулады.

Орус рублин 0,958 сомдон сатып алып, 1,001 сомдон сатышууда. Улуттук банктын расмий курсу 0,9847 сом деп белгиленген. Акыркы суткада 0,27 пайызга төмөндөдү.

Казак тенгесинин курсу төмөндөп, 0,1267 сомдон сатылып, 0,2006 сомдон сатылууда. Расмий курс боюнча бир тенге 0,1821 сом. Сутка ичинде 0,27 пайызга төмөндөдү.

Быйыл июнь айынан тарта Улуттук банк валюта базарынан үч жолу доллар сатып алды. Жыл башынан бери он жолу интервенция жасалып, жалпысынан 265 млн доллар сатып алынган.

Ал эми сырткы валюта базарына быйыл жыл башынан бери үч жолу интервенция жасалып, 38,5 млн доллар сатылды.

Copyright © 2017 Maral FM