Биз менен байланышыңыз

Чүйдө судьялардын кармалышы: Жогорку соттун төрагасы ыкчам жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 277 | 0

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Базарбеков Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүш тууралуу маселе көтөрүп, мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын жана сот системасы да четте калбасын эскертти.

«Сот системасында жеке кызыкчылыгы бар судьяларга орун жок деп бир нече жолу эскерткениме карабай, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат. Укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана өзүн булганган судьялардан арылуу боюнча иш-аракеттерди мен Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм», — деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Эгер соттор арасында пара менен кармалып, коррупцияга жол берип жаткан көрүнүштөр болсо, мындай судьяларга жана аппарат кызматкерлерине катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтты.

2-июлда Чүй облустук сотунун эки судьясы пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кармалганы кабарланган. Укук коргоо органдары соттордун кармалганы боюнча расмий маалымат берген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM