Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 53 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 247 | 0

Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаардык мэриясына текшерүү жүргүзүп, айыл чарба жерлери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктады.

Мэриянын тийиштүү кызмат адамдары тарабынан 53 жаранга 600 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин жер тилкелери жеке менчикке берилип кеткени кабарланды.

Мындан сырткары, “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону” негиз кылып, айыл чарбасына жарактуу бир канча жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Материалдар укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM