Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы сел агызып кеткен наристенин сөөгү табылды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 520 | 0

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы (Үч-Терек конушу) Абшыр-Ата сайынан издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан саат 15:50дө жаш баланын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда табылган баланын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө. Селдин кесепетинен жалпы 10 адам каза болгон.

1-июлда ӨКМден аталган сайга издөө үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылган.

28-июнда катуу жааган жаадан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM