Биз менен байланышыңыз

Гутерриш Кыргызстанды тынчтыктын символу деп атады

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 245 | 0

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүдө Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи. Ал бардык маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин белгиледи.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн айтты.

Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров БУУнун ишмердүүлүгү планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтып, быйыл сентябрь айында Нью-Йоркто Келечек саммитти өткөрүү боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Кыргыз Республикасы БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонун айтты.

Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна алмаштыруу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу механизмдерин колдонуу менен өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоо маселесинин үстүндө иштөө сунушталып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.

2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Гутерриштин Кыргызстанга сапары 1-июлда башталып, 3-июлда аяктайт. Андан ары ал Астанага (Казакстан) барат. БУУнун баш катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстандан баштады.

Copyright © 2017 Maral FM