Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун аймагында LEXUS LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын ээси кошумча үн коштоочу каражаттарды мыйзамсыз орноштуруп, карама-каршы тилке менен айдап бара жаткандыгы боюнча видео тараган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы издөө иштерин жүргүзүп, айдоочуну таап, ага Укук бузуу кодексинин 188-берененин 5-бөлүгү жана 194-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, 20 миң 500 сом айып салганын кабарлады. Автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эреже бузган фактыларды көргөн учурда мекеменин (0777) 102-102 ишеним номуруна жөнөтүүнү өтүнөт.