Биз менен байланышыңыз

Эски ID карттарды жаңысына бекер алмаштыруу акциясы башталды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 650 | 1

Бүгүн, 1-июлдан тарта 2004-жылы чыгарылган AN сериясындагы сары ID карталарды жаңы үлгүдөгү ID карталарга алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүк башталды.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Өнөктүк 31-августка чейин болот, бул убакытта жарандар акысыз негизде паспортторун алмаштыра алат.

Бүгүн санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана калкты каттоо маселелери боюнча жооптуу жетекчилер борбор калаадагы калкты тейлөө борборлорун текшерип, паспортторду алмаштыруу процессин көрүштү.

Жаңы ID карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Министрлик 2004-жылдагы AN сериясындагы сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырыларын, 2017-жылы чыгарылган карталарды алмаштыруунун кереги жок экенин билдирди.

Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруу үчүн жумушчу күндүн биринчи жарымында 2000ден ашык адам кайрылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Мамат

    01.07.2024 17:23

    Россияда жүргөн мигранттар кантип кайсы жерде алмаштырат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM