1-июлдан тарта аймактарда адис дарыгерлердин айлык акысына 20 миң сомдон кошулат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы 35-37 миң сомго чейин көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев билдирди. Ал дарыгерлирдин айлык акысынын жогорулашы 2 этап менен жүрүп жатканын айтты:
2024-жылдын 1-июлунан тартып биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө:
-Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайдан кийинки окуудан өтүү мезгилине клиникалык ординаторлор жана интерн-врачтар үчүн 20 миң сом өлчөмүндө стипендия.
— Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча дем берүү программасы боюнча иштеген дарыгерлерге квартал сайын 66 миң сом өлчөмүндө врачтын депозитинин суммасы белгиленет;
— Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарга иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.
-2024-жылдын 1-сентябрынан тарта экинчи этаптын алкагында, дарыгерлер — 50%, орто медициналык персоналга — 20% көтөрүлөт.
Саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык стационардык мекемелерде (санитаркаларга, тазалоочуларга) оорулууларды баккан кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле медициналык тез жардамдын айдоочуларына — 10% жогорулайт.
Ошондой эле Чаргынбаев дарыгерлердин орточо айлык акысы менен көтөрүлө турган суммасын кошкондо орточо эсеп менен канча сом айлык акы алышаарын айтты:
–Стационарда иш алып барган жаш адис азыркы учурда 11 264 сом алса 50 пайызга көтөрүлгөндөн кийин 16 517 сом алат.
–Тажрыйбасы бар дарыгер 16 896 сом алса көтөрүлгөндөн кийин 25 304 сом алат.
–Жаш үй-бүлөлүк дарыгер 15 136 сом алса көтөрүлгөндөн кийин 22 704 сом алат жана тажрыйбасы бар үй-бүлөлүк дарыгер 22 716 көтөрүлгөндөн кийин 34 056 сом алат.
Көз карандысыз медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова медкызматкерлердин айлык маянасы мурун эле көтөрүлүшү керек деген пикирде. Дарыгердин эмгек акысынын негизги бөлүгү эң аз дегенде 30-33 миңден башталышы керек. Бирок алар азыр 11 миң сом алышат. Айрымдары мындан да аз алат.
«Айлык акы көтөрүлдү деп айтып жатышат. Бирок медицина кызматкерлерин бул сүйүнткөн жок. Себеби алар 100 пайыз көтөрүп берет деп үмүт кылып жатышкан. Анда дагы баарын эмес, айрым багыттагы дарыгерлердин (Реанимотолог, неонатологдор, жаш дарыгерлерге) гана айлык акысы 50га көтөрүлгөн. Министрлик бардык дарыгерлердин айлык акысын 50%га көтөрүп беребиз деп айткан болчу. Эми медкызматерлердин арасында нааразычылыктар жаралышы мүмкүн.
Медицинада 35тен көп тармактагы адистер бар. “Баарында эле эмнеге алар алат?”, деген суроо жаралат да. Эгер мыйзам боюнча карай турган болсок да мурун эле медицина кызматкерлердин айлыгын көтөрүп бериш керек эле. Айлык акы аздыгынан улам, көптөгөн медкызматкерлер жумуштан кетип жатышат».
Бермет Барыктабасованын маалыматында, 2011-жылы кошумча айлыкка иштөө багытында медкызматкерлерин фонду түзүлгөн. Эгер штабда вакансия болсо ага кызматкер алуунун ордуна үнөмдөшкөн. Ошондо кайра эле медкызматкерлер көп иштеп кыйналышкан. Ал эми жогорудагылар акчаны бөлүшүп алышкан.
«Мисалы, төрөт үйүндө 25 гинеколог иштей турган болсо, алардын ордуна азыр 5 гана гинеколог эмгектенет. Алар 25 кызматкердин ишин аткарышат. Негизи башка кесиптерде 8 саттык иш графиги түзүлсө медкызматкерлерге 4 саатык иш графиги гана каралган. Бирок кызматкерлер жетишпегендиктен аларга иштегенге туура келет. Алардын иштегенине кошумча акча деле бөлүнүп берилбейт».
Баткен облусунун Кызыл-Кыядагы Башкы врачтын амбулаториялар боюнча орун басары Гүлмайрам Сабыркул кызы учурда канча айлык аларын жана 50% көбөйгөндө канча болорун айтты:
«Эгер сентябрдан айлык акы көтөрүлсө, мурун үй-бүлөлүк дарыгерлер 18-19 миң сом алса, 50% жогорулатуу менен 22-25 миңге чейин алып калышат. Мен азыр 20 миң сом алам, сентябрдан 26 миң сом алып калам».
Министрликтин айтуусу боюнча, 1-июлда жана 1-сентябрда көтөрүлө турган айлык маяна, компенсацияларга 4 айга талап кылынган адистерге жалпы 1,5 млрд сом акча каражаты кетет.
Ал эми айлык акы көтөрүлүүсү боюнча 500 млн сом каражат сарпталат. Жалпы республикалык бюджеттен 2 млрд сом акча бөлүнөт.
Клиникалык ординаторлор буга чейин 1200 сом стипендия алса, 1-июлдан тарта алардыкы да 20 минге көтөрүлдү.
Аймактарда жетишсиз адистер квартал сайын 38 миң сом айлык алышса эми 6о миң айлык алышат.
Айлыктын көбөйүшү жер-жерлерде адистердин көбөйүшүн камсыздап берет.