Биз менен байланышыңыз

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 166 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш 3-июлга чейин Кыргызстанда болот.

Copyright © 2017 Maral FM