Биз менен байланышыңыз

Гутерриш: Кыргызстан чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечип жатат

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 212 | 0

Кыргызстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин тынчтык жолу менен чечип жатат. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташтык жемиштүү өнүгүп жатат. Чек арага байланышкан бардык маселелер дипломатиялык деңгээлде чечилет. Кыргызстан Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо боюнча макулдашты. Тажикстан менен да маселе чечилет деп ойлойм. Кыргызстанды тынчтыктын символу десек болот», — деди Гутерриш.

Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Гутерриштин Кыргызстанга сапары 1-июлда башталып, 3-июлда аяктайт. Андан ары ал Астанага (Казакстан) барат. БУУнун баш катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстандан баштады.

Copyright © 2017 Maral FM