Биз менен байланышыңыз

«Тез жардамдын» кызматкери сабалган окуя боюнча териштирүү башталды

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 355 | 0

Бишкекте жергиликтүү тургун Тез жардам кызматынын дарыгерине кол салганы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктагандай, учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

“Бул факт боюнча эки тарап тең арыз менен Бишкек шаарынын Ленин РИИБне кайрылган, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат” , — деп айтылат маалыматта.

Окуя 30-июнь күнү түшкү саат бирлер чамасында болгон. Белгисиз аял баласынын ичип ооруп, «Тез жардам» чакырган. Баланы текшерүүдөн кийин ооруканага жаткырууга негиз жоктугун, абалы туруктуу экенин айтышкан.

Бирок баланын апасы дарыгерди сөгүп, андан соң сабай баштаган. Дарыгер эсин жоготуп, мээси чайкалып, боюнан түшүп калуу коркунучу менен нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM