Биз менен байланышыңыз

Жапаров Гутерриш менен сүйлөшүүдө Газа жана Украина боюнча маселе көтөрдү

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүдө Кыргызстан Газадагы трагедиялуу өлүмдү эл аралык укуктун одоно бузулушу деп эсептей турганын билдирди.

Ал Газада болуп жаткан гуманитардык кризис кырдаалды ого бетер курчутканын айтып, Кыргызстан БУУнун коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышпоо боюнча резалюциясын кубаттай турганын, чечимди так аткаруу маанилүү экенин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Украинадагы кырдаалга да тынчсыздануу менен көз салып жатканын айтты.

«Газадагы 10 миңдеген палестиналыктардын, өзгөчө балдар менен аялдардын трагедиялуу өлтүрүлүшүн эл аралык укуктун, анын ичинде гуманитардык укуктун одоно бузулушу деп эсептейбиз. Биз БУУнун коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышпоо боюнча резалюциясын кубаттайбыз. Украинадагы кырдаалга да тынсыздануу менен көз салып жатабыз. Биздин өлкө чыр-чатакты эртерээк токтотууну жактайбыз. Мен дүйнөдөгү чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча сиздин аракеттериңизди толук колдойм» , — деди өлкө башчы.

Бүгүн, 2-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Тараптар эл аралык күн тартибин — аймактык маселелердин алкагында кызматташуу маселелерин, аймактык коопсуздукту жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулашууда.

Copyright © 2017 Maral FM