Биз менен байланышыңыз

Ноокатта сел алып кеткен үйлөр тазаланууда

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 191 | 0

Ноокатта сел каптаган үйлөр тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамаларында Ноокат районунун аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Гулистан айыл аймагында 4 турак үйдүн коро сарайларына жана 3 үйдү сел суулары каптап, жараксыз абалга келтирген.

Кечээ, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан куткаруучулар тартылып 3 турак үй толук тазаланды. Бүгүн тазалоо иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM