Биз менен байланышыңыз

Шайлоо тилкелеринде 1,5 миң милиция кызматкери иштөөдө

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 206 | 0

Бүгүн, 30-июнь күнү милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткандыгына байланыштуу, шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Бишкек шаарынын Свердлов районунун 60 шайлоо тилкесинде, Ош облусунун Ноокат районунун 54 шайлоо тилкелеринде, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 21 шайлоо тилкелеринде жана Ысык-Көл районунун 40 шайлоо тилкелеринде өтүп жатат.

Ар бир шайлоо участкасында милиция кызматкерлери жана жооптуу кызмат адамдары бекитилип, ички иштер органдарынын 1500гө чукул  кызматкери укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштеп жатышат.

ИИМ жарандарды добуш берүүдө мыйзамдын талаптарын жана тартипти сактоого чакырат жана шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM