Биз менен байланышыңыз

«Милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн». Пакистандагы элчи кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 203 | 0

Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын маалыматында Уланбек Тотуяев кызмат ордунан жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бошотулду.

Ал Пакистандагы элчиликке 2021-жылдын июль айында дайындалган.

Ага чейин 2003-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Республика — Ата журт» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM