Connect with us

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин 77 %ы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 319 | 0

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 77,6%ы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда 3 миң 95 штаттык кызматкер бар. Анын ичинен 117си бош (вакант). Азыркы учурда 2 миң 978 кызматкердин ичинен 77,6%ы эмдөөдөн өттү.

Бейшеналиев ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, коронавирус менен ооруган же жаңы сакайган жана ошол себептен эмдөөдөн өтпөй калган кызматкерлер бар экенин белгиледи.

«Кызматкерлердин ичинен 21и кош бойлуу жана 25 кызматкерге эмдөөгө каршы көрсөтмө менен вакцина алууга болбойт. Ошондой эле медициналык кызматкерлер арасында эмдөөдөн өткөндөр: 1 доза – 41 миң 300 (57,5%); 2 доза – 31 миң 622 адам (44%) алды”, — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM