Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Магистраль көчөсү оңдоо үчүн жабылат

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 656 | 0

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынан билдиргендей, бүгүн, 17-августтан тартып Магистраль көчөсүнүн Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Кырман көчөсүнө чейинки бөлүгү оӊдоо үчүн жабылат.

Көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт.

Оӊдоо иштери башталардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат. Ошондой эле көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.

Copyright © 2017 Maral FM