Бишкекте 30-июнда саат 08:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 170 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар:
- №2 клиникалык төрөт үйүндө – 3;
- №1 шаардык клиникалык оорукада – 8;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 1;
- Онкология жана гематология улуттук борборунда – 3;
- Республикалык наркология борборунда – 3.
Бүгүнкү күндө кошумча 152 орундук Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда даярдалган.