Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкек мэриясынын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 452 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отчетун укту.

Бишкек шаарында эпидемиянын алдын алуу иштери алгылыктуу уюштурулбаганы үчүн Кудайбергенов мэриянын бир катар кызматкерлерине, вице-мэрлерге, транспорт башкамалыгынын кызматкерлерине, район башчыларына сөгүш жарыялады. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын төрагасына, орун басарларына жана мүчөлөрүнө коронавирус инфекциясын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча жеке жоопкерчилик жана эскертүү берди.

Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү арасында беткапты милдеттүү тагынуу, антисептик колдонуу, ошондой эле айдоочулар арасында коомдук транспорттордо дезинфекция иштерин жүргүзүп туруу, жүргүнчүлөрдүн тыгылып алышына жол бербөө сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары Кудайбергенов комиссиянын мүчөлөрүн жарандардын массалык чогулушунун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө, борбордун вице-мэрлеринин, район башчыларынын жана башка жетекчилердин катышуусунда рейддерди өткөрүүгө чакырды.

Санитардык-экологиялык инспекцияга, Шаардык транспорт башкармалыгына санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Бүгүн, 30-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус 1 миң 490 адамдан табылды.

Copyright © 2017 Maral FM