Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Иммунитети бар жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болот

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 917 | 0

Коронавирус илдети менен ооруп айыккан, башкача айтканда иммунитети бар (антителасы) жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун орусиядагы расмий өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.

Анын айтымында, вакцина адамда кандай деңгээлдеги антитело болбосун, ага эч кандай зыян келтирбейт.

«Эгерде сизде антитело болсо, анда бул вакцина сизге кандайдыр бир деңгээлде зыян келтирет дегенди билдирбейт. Бул туура эмес. Антителолордун деңгээлине карабастан, коронавируска каршы коопсуз эмдөөгө болот ”, — деп айткандыгын ТАСС агенттиги жазды.

Ошол эле учурда Вуйнович коронавируска каршы эмделген жарандарды беткап кийип жүрүшү керектигин эскертти.

«Эмдөөдөн өтсөңүз же ооруп калсаңыз дагы, бет кап кийишиңиз керек. Анткени, эмделген адам оорубаса дагы, вирус анын денесинен өтүп, кайсы бир учурда вирус башка адамга жугат«, — деди ал.

Министр: Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт

Copyright © 2017 Maral FM