Биз менен байланышыңыз

Министр: Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 1296 | 0

Президент Садыр Жапаровго вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок. Анын антителосу бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Kaktus.media» редакциясына билдирди.

«Анын антителосу жакшы — 9. Аны эмдөөнүн кажети канча?», — деди ал.

Бейшеналиев өзү вакцинаны дүйшөмбү күнү, 29-мартта алат.

«Эртең менен баштайбыз, анан алгачкы дозасын мен өзүм алам. Менде антитело жок. Ооруган эмесмин», — деди министр.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Copyright © 2017 Maral FM