Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 1053 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуп-үйрөтүүлөр өтүп жатат.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча алсак, Казакстанда эмдөө 1-февралда башталган. Тажикстан болсо кечээ, 23-мартта жапырт баштады. Ал эми Өзбекстан болсо эмдөө 1-апрелден тарта ишке кирерин жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM