Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан 7 бейтап каза болуп, дагы 892 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 290 | 0

Кыргызстанда 26-июнга карата коронавирус дагы 892 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында – 401, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 143, Ош облусунда – 81, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 110, Баткен облусунда – 61 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 524 адам илдеттен сакайган.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусу – 1, Ош шаары – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 811 бейтап, амбулатордук түрдө 6миң 108 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 3, үй карантининен 9 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 830 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 119 миң 873 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 915 киши айыгып чыкса, 1 миң 971 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM