Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов COVID-19га каршы эмдөөдөн өтөт (видео)

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 391 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов COVID-19га байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү киргизүү оюнда жоктугун, бирок ар бир жаран коом алдында жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи.

«Урматтуу жарандар, Министрлер кабинети массалык иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдөн башка эч кандай чектөөнү көздөбөйт. Ошол эле учурда, ар бирибиз жакындарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн коом алдындагы жоопкерчилигибизди сезишибиз керек. Бул сиздин пандемиянын жайылышына каршы күрөшүүгө кошкон салымыңыз болот. 2020-жылдагы «кара июль» баарыбыздын эсибизде. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ден соолугубуз жөнөкөй эле санитардык нормаларды сактоого байланыштуу», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын жетишсиздигин айтып, чара көрүү боюнча чечимдерди кабыл алганын кошумчалады.

Мындан сырткары өзү да жакынкы күндөрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өтө турганын маалымдады.

Эске салсак, бүгүн Министрлер кабинетинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана саламаттыкты сактоо тутумунун инфекциянын көбөйүшүнө даярдыгы боюнча жыйын өткөн.

Икрамов: Вакцинаны биринчи Марипов өзү алсын

Copyright © 2017 Maral FM