Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Вакцинаны биринчи Марипов өзү алсын

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 2033 | 0

Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте Премьер-министр, анын орун басарлары, Саламаттыкты сактоо министри алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.

Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн вакцина алып жатканын түз эфирде элге көрсөтүлүшүн талап кылды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат. Бул боюнча элде кооптонуу бар экени маалым.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги парламентке келип, эмдөө боюнча толук маалымат берсе жакшы болмок. Вакцинаны кайсы өлкөдөн алып жатат, баасы канча? Интернет булактарында айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден соолугу начарлап, каза болгондор да катталганы боюнча маалыматтар тарап жатат. Вакцинаны элге берерден мурда, түз эфир аркылуу көрсөтүп, биринчи кезекте Саламаттыкты сактоо министри, Премьер-министр, анын орун басарлары, депутаттар алышы керек. Вакцина текшерилгенби, текшерилген эмеспи? Бизге келип, түшүндүрүп берсин. Себеби эртең албагандардын баарын кыйнай баштайт», — деди Икрамов.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги учурда Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирүү иштери аткарылып жатканын кабарлады. Өлкөнүн бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуулар өтүп жатат.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча Казакстанда эмдөө 1-февралда башталган. Тажикстан 23-мартта жапырт баштады. Ал эми Өзбекстан эмдөө 1-апрелден тарта ишке кирерин жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM