Биз менен байланышыңыз

Москвада «Кызыл аянт» китеп фестивалы өтүп жатат

17- 20-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында VII «Кызыл аянт» китеп фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу bookfestival.ru сайтына жарыяланды.

Фестивалдын алкагында Орусиянын 45 аймагынын эң мыкты делген 300дөн ашуун басмаканасынан жарык көргөн ар кандай жанрдагы 100 миң чамалуу китеп көргөзмөгө коюлат.

Программада белгилүү акын-жазуучулар, драматургдар, актёрлор, китеп жасалгалоочулар менен жолугушуулар, адабий талкуулар, чеберчилик сабактар, адабиятчы-илимпоздордун лекциялары, жаңы китептердин бет ачары, окурмандар арасында сынак өткөрүү сыяктуу 500дөн ашуун иш-чара каралган. Ошондой эле быйыл 100 жылдыгы белгилене турган орус адабиятынын классиктери Фёдор Достоевский менен Николай Некрасов эскерилет.

Күн сайын эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 22:00гө чейин өтө турган төрт күндүк фестиваль коронавирус инфекциясы жараткан кырдаалды эске алуу менен санитардык-коопсуздук чаралары так сакталып өткөрүлөт. Иш-чарага барууну каалагандар жогоруда көрсөтүлгөн сайтка кирип, кезек алып коюусу зарыл. Катышуу бекер, бирок орундар чектелүү. Ошол эле учурда уюштуруучулар катышуучуларга беткап жана колкап кие келүүсүн өтүнөт.

Белгилей кетсек, «Кызыл аянт» фестивалы Москва шаарында 2013-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет. 2020-жылы пандемия шарттарына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Быйыл VII ирет өткөрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM