Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусия Бишкекке 150 млн. рублдик жардам жөнөттү

Кыска кабар | 26 Июл 2020 | 973 | 0

Орусия бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту менен Бишкек медициналык жабдыктар жана медикаменттер алынып келинди. Алардын жалпы баасы 150 млн рублди түзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор, дары-дармектер жана коргонуучу кийимдер да кошулган. Көрсөтүлүп жаткан жардам эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда келишилген келишимдердин негизинде ишке ашууда.

Copyright © 2017 Maral FM