Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште Орусияда окуп жүрүп, каникулга келген студенттердин маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 730 | 0

Орусияда окуп жүрүп, каникулга келген студенттердин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Аны “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов айтып, студенттердин кайра кетүүсүнө өкмөттүн жардам берүүсүн суранды.

Жайкы каникулда Орусияда окуган студенттерибизди өкмөт өзү алып келген. Эми алар кете албай жатышат, ошолорго тез аранын ичинде жардам берип, жөнөтүш керек. Биринчи кезекте медициналык окуу жайда окуган студенттерди, себеби аларга күндүзгү окуу формасында (очный) сабактар башталды, — деди Нышанов.

Буга чейин июнь айынын аягында Москва шаарындагы кыргызстандык студенттер үчүн чартердик каттам уюштурулуп, 393 жаран Бишкекке келген. Андан сырткары башка өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттерди да өкмөт алып келген эле.

Copyright © 2017 Maral FM