Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада 6 миңден ашык адам коронавирус менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 581 | 0

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 234 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 124 адам каза болсо, 7 миң 490 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында — 578;

Свердлов облусунда — 259;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда — 247;

Санкт-Петербург шаарында — 238 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 765 миң 437 адамдан коронавирус аныкталды. 12 миң 247 адам каза болсо, 546 миң 863 бейтап айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM