Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда бир суткада 6537 жаңы учур катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 826 | 0
Орусияда акыркы суткада коронавирусту жуктуруп алган 6537 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.
Муну менен кошо өлкө боюнча вируска кабылгандардын жалпы саны 733 699ду түздү. Коронавирус Орусиянын 85 регионуна жайылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, акыркы суткада дүйнө жүзүндө 230 миң 370 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Акыркы жолу рекорд 10-июлда жаңыланган, тактап айтканда бир суткада 228 миң адам коронавирус менен катталган.

Жаңы учурлардын көбү Түндүк жана Түштүк Америкада (6 540 222 адам), Европада (2 907 654 адам) катталды. Ошондой эле бир суткада 5285 бейтап көз жумду. Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12 552 765 адамга жетип, алардын ичинен 561 617 бейтап каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM